Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:52

Оогандар НАТОнун аскерлериге нааразылык билдиришти


Кабыл-Жалалабад канжолуна чыккан жүздөгөн оогандар НАТО аскерлеринин бейкүнөө адамдарды өлтүрүүсүнө нааразылык билдиришти. Коалициялык күчтөр 17-августтагы рейд учурунда ооган ата-баланы өлтүрдү деп күнөөлөнүүдө. Бирок НАТОнун эл аралык коопсуздукка көмөктөшү күчтөрү рейд кезинде душмандын эки жоокери жок кылынганын айтууда.

Нангахар провинциясынын полиция өкүлү Абдул Гафурдун айтышынча, коалициялык аскерлер согушчул топторго эч кандай тиешеси жок дыйканды уулу менен кошо алардын үйүнө кирип барып, атып салышкан жана үч кишини кармап кетишкен.

18-августта талиптер өлкө түштүгүндөгү Забул провинциялык бийлигинин жооптуу кызматкери Ата Жан Кажривалды аялы менен кошо өлтүрүп кетишкени ырасмий маалымдалды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG