Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:10

Ж. Касаболотов: Партиялардын көбүн партия деп айтканга болбойт


"Азаттыктын» түз обосунда улам жакындап келаткан парламенттик шайлоодо татыктууларды тандоо маселеси боюнча конфликтолог, саясий серепчи Жыргалбек Касаболотов ой-пикир бөлүштү.

- Мына парламенттик шайлоо жакындап келатат. Ушул тапта БШКдан каттоодон өткөн 57 партия бар экен. Коомчулук шайлоого аттанган саясий партиялардын эмнесине көңүл буруш керек деп ойлойсуз, шайлоо учурунда кайсы критерийлерине карап добуш берүү ылайыктуу?

- Партия деген бул элдин бөлүгү деген сөз, кайсы бир идеологияны карманган бөлүк. Ошондуктан азыркы партиялардын дээрлик көпчүлүгүн көпчүлүгүн партия деп айтканга болбойт. Анткени алар идеологиянын тегерегинде эмес, бир лидердин тегерегинде бириккен. Бирок ошондой болсо дагы кандайдыр бир партиянын белгилери бар уюмдар көп бизде.

Мурун түзүлүп калган партиялардын ишин карай келгенде алардын лидерлери, тизмесинде жүргөн адамдар чындап эле ошол партиянын негизги линиясын кармап атышабы, же таптакыр башка нерсени жүргүзүп атышабы, ушуга да көңүл бурушса болмок.

Жаңы түзүлүп аткан партиялардын биринчи кезекте платформасына көңүл буруш керек, эмнени көздөшөт, мисалы менчикке карата, мамлекетке болгон мамилеси кандай. Жолугушуулар болуп атканда дал ушулар боюнча суроолорду берип, эгерде ошол боюнча алардын тизмесине карама-каршылыктуу болсо, анда ал партияга добуш бербей эле койгону жакшы. Анткени ал парламентке барганда деле ошондой карама-каршылыктуу саясатты жүргүзөт.

- Мисалы бир катар саясий партиялардын өздөрүнүн программалары бар да, бирок алардын билдирүүлөрүндө айрым маалымат каражаттарында чыгып сүйлөгөн сөздөрүндө платформа-программага каршы келген жерлер да болуп кетет. Эми ал нерсе коомчулукка анча деле чыга берген жок да, көптөрү программаларды билишпейт. Программаларды кандай айырмалап билсе болот?

- Партиянын программасын же платформасын башынан бери карманып келаткан лидерлер бар. Алардын айтканына ишенсе болот, бирок жаңы кирип аткан лидерлерди ошол себептүү коомчулук өзү талап кылыш керек партиянын тизмеси ачык болушун.

Мисалы эң көп өтүшү мүмкүн болгон мүчөлөрдүн саны 60 адам болуп атпайбы. Ошол 60 адамдын тизмесин көрүш керек шайлоочулар. Себеби аларды көрмөйүнчө алар биле албайт. Мисалы социалисттер деп көп либералдар, либералдар деп коюп улутчулдар кирип кетиши мүмкүн.

Же таптакыр ал партияга татыктуу болбогон адамдар да кирип кетиши мүмкүн. Ошондуктан аны текшерүүнүн бир ыкмасы ушул, башкача айтканда 60 адамдын тизмесин талап кылуу.

Экинчиден, ал партиялардын, мисалы биз үчүн эмне бүтүрүп бересиңер деп жергиликтүү маселелерди көтөрбөй, дегеле мамлекеттик түзүлүшкө, мамлекеттик саясатка эң орчундуу үчт-төрт маселеге карата пикирин билип алса ошол жетиштүү.

Мисалы менчиктештирүү маселесине, мамлекеттин ролу, тышкы саясатка, анан бийлик системасына, мына ушуларга карата берилген суроолор бир топ орчундуу суроолор болуп эсептелет.

-Рахмат.

Таза коом кайдан башталат?

Таза коом кайдан башталат? 3-бөлүк
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:06 0:00

XS
SM
MD
LG