Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:47

А.Абдырасулова Акыйкатчыны сотко берет


Бул туурасында “Кылым шамы” укук коргоо борборунун жетекчисиси Азиза Абдырасулова “Азаттыкка” билдирди. Укук коргоочу Акыйкатчы Турсунбек Акунду коопсуздугуна коркунуч келтирди, туура эмес маалыматты айтып чагымчылдык кылды деп айтыптап жатат.

“Чагымчылдыктын айынан укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова Кыргызстандан чыгып кеткенге мажбур болду. Ал мени да ошондой болсун деп жатат. Мага бийлик тараптан Акыйкатчы кызматы сунушталган, бирок мен баш тарткан болчумун. Балким Т.Акун ошону угуп калса керек”, - деди А.Абдрасулова.

А.Абдрасулованын айтымында, Т.Акун аны УТРКдан HRW уюмуна маалымат берген, аны аэропорттон тосуп алган деп айыптаган. Ошондон кийин Ош шаарында мэриянын алдында июнь окуясында дайынсыз жоголгондордун 50 чакты тууганы укук коргоочуну имаратка алып кирип айыпташкан.

Алар А.Абдырасулованы жоопко тартып берүүсүн суранып прокуратурага кайрылышкан. Башкы прокуратура өкүлү далили жок күнөөлөй албасын айтып, укук коргоочунун бошоткон болчу.

Өз кезегинде Турсунбек Акун түштүктөгү окуяларды чагылдырууда айрым укук коргоочуларды бир тараптуу, туура эмес маалыматтарды таратып жатат деп айыптаган. Ал А.Абдырасулова баштаган башка да укук коргоочулар туура эмес маалымат берген деп эсептейт. "Менин башка эч кандай дооматым жок, кыргыздарды жырткыч катары көрсөткөн маалыматтарын сынга алгам. Мен чындыкты айтып жатам", - деди Т.Акун. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG