Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:57

БУУ: Соопкерчилик уюмдарына кол салуу көбөйдү


Былтыр дүйнө өлкөлөрүндө соопкерчилик уюмдарынын 102 кызматкери өлтүрүлгөн. Бул жөнүндө Бириккен улуттар уюму маалымдады. Улуттар Уюму 19-августта белгинчү “Соопкерчиликтин дүйнөлүк күнүнө” карата жасаган билдирүүсүндө былтыр түрдүү өлкөдө соопкерчилик иштерине көмөктөшүп жүрүп набыт болгон адамдарга алкыш айтты. БУУнун билдиришинче, өткөн жылы түрдүү кол салуулардан мындай миссияларга көмөктөшкөн 278 адам курман болгон, уурдалган же жарадар болгон. Бул 1999-жылдагыдан 10 эсеге көп.

XS
SM
MD
LG