Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:21

Батыш дипломаттары Дүйшөмбүдөгү Америка университетин жабууга нааразы


Батыш дипломаттары Тажикстандагы жалгыз менчик университетти жабууга нааразылык билдиришти. АКШ, Британия, Франция жана Германиянын элчиликтери Тажик өкмөтүнө 17-августта жазган катта Билим берүү министрлигин Инновациялык технология жана коммуникация институтунун лицензиясы эмне үчүн токтотулганы түшүнүксүз экени белгиленип, анын ишмердүүлүгү ачык-айкын жана мыйзамга ылайык иликтенет деген үмүт айтылат. Окуу жайды Тажикстанда туулган АКШ жараны түптөп, Кошмо Штаттар жана башка Батыш өлкөлөрүнөн грант алып турчу.

“Америка университети” катары белгилүү бул институттун ректору Садриддин Акрамов окуу жайда оппозициянын таанымал өкүлдөрү жана бийликтин сынчылары болгону үчүн анын лицензиясы токтотулганын айтат.

XS
SM
MD
LG