Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:45

“Азаттык” үналгысынын директорлук кызматы үчүн сынак


RFE/RL Кыргыз кызматы (“Азаттык” үналгысы) директорлук кызматына сынак жарыялайт. Кыргыз кызматынын директору кабарларды жана башка мултимедиялык берүүлөрдү даярдоо жана обого алып чыгуу амалдарын жүзөгө ашырып, Бишкектеги бюродо жана дүйнөнүн башка аймактарында иштеген кабарчылар тобун жетектеп, объективдүү маалымат таратуу жараянына жана “Азаттык” үналгысынын жалпы редакциялык стандарттары менен принциптеринин сакталышына жооптуу болот. Иш орду - Чехия Республикасынын борбору Прагада. Бул кызматтын кесиптик талаптары жана талапкер катары сынакка катышуу шарттары менен кененирээк ушул жерден тааныша аласыздар.
XS
SM
MD
LG