Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:35

Эл аралык комиссия жетекчиси Ош, Жалал-Абадды кыдырууда


Июнь айындагы коогалаңдын себептерин иликтеп аткан көз карандысыз эл аралык комиссиянын жетекчиси Киммо Кильюнен кечээ Ош шаарында бир катар жетекчилер менен жолугушту.

Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясынын башкы директору Жантөрө Сатыбалдиев К.Кильюнен мырзаны курулуш жана калыбына келтирүү иштери менен тааныштырып, эл аралык комиссияны июнь окуяларын калыс, терең иликтөөгө, аны менен кошо 1990-жылдагы коогалаңды кошо иликтөөгө чакырды. К.Кильюнен өз кезегинде эл аралык комиссия өз ишин сентябрда баштап, жыл аягына чейин иликтөөсүн бүтүрөрүн билдирди.

Андан тышкары К.Кильюнен июндагы коогалаңды иликтеп аткан мамлекеттик улуттук комиссиянын жетекчиси Абдыганы Эркебаев жана Ош облусунун губернатору Сооронбай Жээнбеков менен жолугушту. Бийлик өкүлдөрү К.Кильюненге Кыргызстандын түштүгүндөгү кырдаал жана коогалаңдын себептери тууралуу алдын-ала маалыматтарды билдиришти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG