Линктер

шейшемби, 17-январь, 2017 Бишкек убактысы 13:30

А. Муралиев: Кыргызстанда азык түлүк каатчылыгы болбойт


Бул туурасында биринчи вице-премьер-министр Амангелди Муралиев каатчылыкка каршы өкмөттүн планын ачыктап жатып билдирди. Анын айтымында, учурда өкмөт азык түлүк коопсуздугун сактоо чаралары менен алектенүүдө. Быйыл Кыргызстан Казакстандан адаттагы көлөмдө жана АКШдан 50 миң тонна ун алат. Күзүндө өлкөдө 800 миң тонна буудай жыйналаары күтүлүүдө.
Өкмөттүн каатчылыкка каршы планы 90 иш чарадан туруп, эки баскычта жүргүзүлөт. Анын ичинен азык түлүк коопсуздугу, өлкө коопсуздугу, энергетика тармагын жакшыртуу, бюджеттеги чыгашаны кыскартуу сыяктуу 54 иш чара жакынкы убакта ишке ашырылат. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG