Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:58

Маңзаттарын көзөмөлдөөчү мамлекеттик кызмат түзүлдү


Бул туурасындагы жарлыкка президент Роза Отунбаева кол койду. Бул кызмат 7-апрелден кийин жоюлуп кеткен маңзаттарын көзөмөлдөө агенттигинин имаратында жайгашат жана анын макамы агенттиктен жогору болот. Учурда бул кызматты каржылоо боюнча кызыкдар тараптар менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

Анын жетекчилигине баңги затына каршы күрөшүүдө тажрыйбасы бар Виталий Орозалиев дайындалды. Баңгичиликти көзөмөлдөө кызматы маңзаттары өтүүчү өлкөнүн түштүк аймагына өзгөчө көнүл бурмакчы. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы кабарлады. (AzK)

XS
SM
MD
LG