Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:33

Ошто мэр Мелис Мырзакматовдун тарапкерлери чогулууда


Учурда шаардык бийлик имаратынын алдына мэр Мелис Мырзакматовдун 500 чакты тарапкери чогулуп калганын Оштогу кабарчыбыз Алишер Токсонбаев кабарлады. Ага борбордук бийлик шаар мэрин кызматтан алат экен деген сөздөр себеп болгон. Чогулгандар мындай демилге токтотулушун талап кылып, эгер мэр кызматтан алынса президент Роза Отунбаеванын кызматтан кетишин талап кылышаарын айтууда. Алардын алдына азырынча шаардык жана облустук бийлик өкүлдөрүнөн эч ким чыккан жок. Облустук акимчилик менен шаар бийлигинин имаратын милиция күчөтүлгөн тартипте кайтарууда.

Президенттин администрациясы азырынча Мелис Мырзакматовго байланыштуу кандайдыр бир чечим чыккан-чыкпаганын ачыктай элек.(SM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG