Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:50

Т.Акун: Урмат Барктабасовдун кармалышы мыйзамсыз


Акыйкатчы Турсунбек Акундун билдиришинче, алардын жүргүзгөн мониторингинин жыйынтыгында 5-августта Урмат Барктабасовдон эч кандай курал чыккан эмес. Урмат Барктабасов учурда 5-августтагы окуя үчүн эмес, 2005-жылдагы окуялар боюнча кармалып жатат. Укук коргоочунун пикиринде, Урмат Барктабасов Курманбек Бакиевдин бийлиги учурунда жабыр тарткан башка бир катар саясатчылар өңдүү акталууга тийиш.

16-августта Акыйкатчы УКМКнын убактылуу кармоо жайында жаткан “Мекен Туу” партясынын лидери Урмат Барктабасов менен жолугушкан. Анда Урмат Барстабасов өзүнүн укуктары тебеленгендигин, ал парламенттик шайлоого барбай мамлекеттик кызматта туруп, элди колдоо масатында премьер-министрлик кызматты сураганын билдирген. Укук коргоочу ага карата эч кандай кыйноолор болбогонун ачыктады.

5-августта Бишкекте митинг өтүп, расмий бийлик муну бийликти басып алуу аракети катары баалаган. Митинг анын уюштуруучусу Урмат Барктабасовду камакка алуу менен аяктаган. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG