Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:31

У.Чыналиев: Мурдагы жетекчилик кыргыз-орус алакасын кыйла суутуп таштады


17-август күнү Орусия Федерациясында Кыргыз Республикасынын иштери боюнча ишенимдүү өкүлү Улукбек Чыналиев "Азаттыктагы" маегинде кыргыз-орус алакасындагы проблемаларга жана урунттуу учурларга токтолду.


АЗАТТЫК: Азыр эки мурдагы президенттерден тең кол тийбестик укуктары алынып салынды. Өздөрү бозгунда жүрүшөт. Аскар Акаевич Орусияда жашап атат. Ал кишини Кыргызстанга чыгарып берүү боюнча кандай аракеттер болушу күтүлөт?

У.ЧЫНАЛИЕВ: Азырынча менин айтаарым, бул мурунку аптанын этегинде болду. Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаевден кол тийбестик укугун алып таштоо боюнча чечим кабыл алынды. Бул иштин жалпы кабыл алынган тартиби бар, ошол жүрүп атат. Башкача айтканда бул же тигил адамга, ал катардагы адам болобу же мурдагы президент болобу, ага жүктөлгөн айыптар бүтүндөй документ менен юридикалык негиз менен бышыкталышы керек. Ал документтер Орусиялын тиешелүү органдарына келип түшөт. Аны карап чыккандан кийин бул же тигил жаранды чыгарып берүү болот. Же чыгарып берүү, же андай кадамдан баш тартуу, же жаранды чыгарып берүүгө орчундуу негиз болуучу кошумча документтерди суроо болот. Бул мурдагы президент Акаевге болсун, мурдагы президент Бакиевге болсун, бирдей тиешелүү.

АЗАТТЫК: К.Бакиевдин тушунда Орусия убада кылган эки миллиард доллар Камбар-Ата ГЭСи жана башка жайларга жумшалат деген эле. Ал акча өздөштүрүлгөнбү же убада бойдон калып кеттиби?

У.ЧЫНАЛИЕВ: Бул жерде мен 300 миллион доллар каражатты жумурияттын келечектүү тармактары үчүн өкүмөт кандай жумшайм десе, ошондой сарптоо үчүн бөлүнгөнүн билем. Бир миллиард 700 миллион доллар үчүн Камбар-Ата 1 ГЭСин куруу боюнча эки өлкө ортосунда жабык коом уюштуруп, ошол каражат ал коомго бөлүнсүн деп макулдашылган. Өкүмөткө эмес, республикага эмес, ошол жабык акционердик коомго бөлүү үчүн сүйлөшүлгөн. Бирок 7-апрелде ыңкылап болду. Азыркы тушта Кыргызстан жана Орусия тараптан ратификациядан өткөнүнө карабай, бул маселе азыр токтотулган.

АЗАТТЫК: Кыргызстан менен Орусия ортосундагы алаканын багыты мындан ары кандай болот?

У.ЧЫНАЛИЕВ: Кыргызстан менен Орус Федерациясынын ортосунда дипломатиялык катнаш түзүлгөнүнө быйылкы жылдын июнь айында 18 жыл толот. Бирок дал ушул убактан алакабыз башталыптыр деш туура эмес. Андан мурун эле советтик кезде, андан мурунтан байланышта болуп келебиз. Бирок 1992-жылдан тартып өзгөчө алакага өтүү – тең укуктагы алакага өтүү башталды.

АЗАТТЫК: Учурда, айталы, 7-апрелден тарта Кыргызстан ачыктан ачык демократиялык жолду тандап алган кезде, Сиздин орусиялык кесиптешиңиз менен боло турган ишкердигиңиз канчалык оор же жеңил боло турган?

У.ЧЫНАЛИЕВ: Белгилеп кетишим керек, мурдагы жетекчилик кыргыз-орус алакасын кыйла суутуп таштады. Андай маанай 2009 – жылдан үстүбүздөгү жылдын апрель окуяларына чейин ошондой болду. Ага, айрыкча, биз тараптан алган экономикалык чөйрөдөгү милдеттенмелер аткарылбай кала бериши түрткү болду. Ошол жагдай алаканын сууп кетишине алып келди. Анан 7-апрелдеги окуялардан соң биринчи болуп кошуна мамлекеттердин ичинен телефондошкон Владимир Путин болду. Ал Роза Отунбаева менен сүйлөшүп, Орусиянын алгачкы кадамы – гумжардам, так айтканда, 20 миң тонна гумжардам бөлүү болду. Андан сырткары 2,5 миң тонна үрөн берди. Грант катары 30 миллион доллар берди, арзандатылган үстөк пайыз менен 30 миллион доллар насыя берди. Мындайча айтканда, Орусия федерациясынын жетекчилиги 7-апрель ыңкылабы чыгары менен омоктуу жардам көргөзүп атат. Бул жакшы жышаандуу алака.

АЗАТТЫК:
Миграциялык жагдайга кайрыла кетсеңиз.

У.ЧЫНАЛИЕВ: Азыркы тушта Орусияда 600миңден ашуун биздин жарандар жүрүшөт. Кыргызстандын атуулдары азыр Маскөөдө, Маскөө обулусунда, Сибир федералдык округунда көп. Алар өз ага-тууган, жакындарына, айрыкча азыркы кыйын кезеңде жардам көрсөтүшүүдө. Кыргызстанга биздин жарандарыбыз жылына бир миллиард долларга чукул каражат жөнөтүп турушат. Мынча акча биздин жумурияттын бир жылдык бүжети менен тең келет.
XS
SM
MD
LG