Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:30

“Азаттыктын” «Ыңгайсыз суроолор» сыналгы берүүсүндө Түштүктөгү кандуу кагылыш окуяларынын учурунда арачылык милдетти аркалаган аскерлердин айрымдары улут аралык кагылышууларга өздөрү кошо аралашып кетишкени жөнүндө айтылып жаткан айыптоолор талкууга алынды.



Жыпар Жекшеев,

Талкууга Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты,

апрель жана июнь окуяларын иликтеген

мамлекеттик комиссиянын мүчөсү






Исмаил Исаков,

Убактылуу өкмөттүн түштүк

аймагы боюнча мурдагы атайын өкүлү,

мурдагы коргоо министри


«Азаттык»:
Адам укугун коргоо боюнча «Хьюман Райтс Вотч» эл аралык уюму дүйшөмбүдө түштүктөгү кандуу окуяны иликтөө боюнча жыйынтыгын жарыя кылды. Анда кыргыз армиясы кээ бир райондордо элди куралсыздандырып, тосулган жолдорду кайра ачып, жаалданган адамдардын кыргын салуусуна кандайдыр бир мүмкүнчүлүк берди деп айтылат. Ошол кездеги коргоо министри катары айтсаңыз, аскерлер көзөмөлдөн чыгып кетти беле?

Исмаил Исаков: Ар түрдүү комиссия өздөрүнүн деңгээлинде, көз карашында, иш аракетинде жыйынтык чыгарганга укугу бар. Биз аларды бир жактуу же туура эмес деп айтканга негиз жок. Бирок алардын айткандары туура эмес. Себеби кыргыз армиясы, ошол жердеги милиция кызматкерлери, окуяга катышкан укук коргоо органдарынын бардыгы эч качан чектен чыккан эмес, алар өз милдеттерин так, ачык, мыйзам чегинде аткарышкан. Бирок жолду тороп алышып, техникаларды өткөрбөй, аскерлерге кол салышып, алардын автоматтарын тартып алган учурлар болгон. Ошону менен бирге биздин армиянын формасын, камуфляжды биздин базарларда каалаган жерде сатат, арзан да турат, аны биздин жарандарыбыз кийип жүрүшөт. Жанагылардын арасында ошондой кийимчендер көп болгон, ошолорду көргөндө, албетте, чет өлкөдөн келген укук коргоочулар, журналисттер мына армия арасында бар экен деп, ошонун негизинде чыккан сөз.

«Азаттык»: Тактап айтсаңыз, «Хьюман райтс вотч» уюму докладында жазып атат, куралдар жана аскер кийимдер, БТРлер кайра кайтарылып алынгандан кийин деле аскерий адамдар, куралдар колдонулду деп. Мындай маалыматтардын чындыгы жок болсо, атайын билдирүү жасайсызбы?

Исмаил Исаков: Биз атайын билдирүү жасап эле атабыз. Мен ар бир интервьюмда ошону баса белгилеп келатам, ошол учурда менден чет өлкөлүк журналисттер келип интервью алышкан, анын барын түшүндүрүп бергенбиз, алар өздөрү көздөрү менен да көрүшкөн. Анын үстүнө ал жерде менден башка дагы ошол жерди башкарган комендант деген бар, андан башка облустун, шаардын коменданттары, милициянын начальниги Курсан Асанов менен Бакыт Алымбековдор, ошол жерде өзбек туугандарыбыз Алишер Сабиров ж.б. жаныбызда жүрдү, анын баарын көрдү. Ошонун негизинде мен ойлойт элем, албетте, бир тарапты тартып алгандан кийин өзбек туугандар Ферганага, Наманган, Анжиян облустарына дисктерди таратышып, элдин кыжырын кайнатышып берип жүргөн фактылар бар. Мына ошолорду алып алып, мүмкүн ошондой деп, ошол эле техникаларды айтканга аларга негиз болуп калган.

«Азаттык»: Жыпар мырза, сиз ушул окуяларды иликтеген мамлекеттик комиссиянын мүчөсү болуп жатасыз. «Хьюман райтс вотч» ушундай комиссия түзүлүп иштеп жатканы менен анын так жыйынтык чыгарарына күмөн санагандыгын кыйытты. Ошол эле учурда эл аралык иликтөө жүргүзүү зарыл деп билдирди. Мындай күмөн саноого эмне себеп деп ойлойсуз?

Жыпар Жекшеев: Мен чоң көлөмдүү, алардын иликтеген кагаздарынын баарын окуп чыктым. Мен бир гана нерсе айтайын дегеним, бул аябай субъективдүү, анын үстүнө булар өзүлөрү изилдеп, өзүлөрү барган иликтөө комиссияга окшобойт. Булар биздин арабызда эле жүргөн укук коргоочулардын маалыматына таянып туруп эле жазып койгондой шек туудурду. Себеби И.Исакович айткандай эле, ал жерде аскер кызматкерлери, биздин ички иштер министрлигинин өкүлдөрү, күч органдары тарабынан сөзсүз эле өзбек улутундагыларга аябай кысым көрсөтүлгөн дегенге чоң акцент жасап атышат ар бир маалыматында. Башка ким баштаган, куралдар биринчи кимде болду эле, куралды биринчи кимдер колдонгон, мисалы аскерлерге каршы колдонгон куралдар жөнүндө бир дагы сөз жок. Бул объективдүү калыс маалымат эмес деп мен ачык эле айтам.

«Азаттык»: Сиз айтып атасыз укук коргоочулар деп, кайсы укук коргоочулардын маалыматтары жөнүндө айтып жатасыз?

Жыпар Жекшеев: Мына биздин арабызда Азиза Абдрасулова жүрдү, комиссияга бир чети өкмөттүк эмес уюмдун өкүлү катары жана укук коргоочу катары кирген. Анын берген суроолорунун баары тең абдан тенденциялык суроо, аны мен өзүнө деле айттым, азыр деле айтам. Ошол эле маалыматтарды биздин көзүбүзчө берип атты. Кайсы каналга берип атканын биз көрүп аттык. Ушундай айрым укук коргоочулардын маалыматтарына таянып туруп жанагыдай бүтүм чыгарганы менин оюмча такыр туура эмес.

Исмаил Исаков: Ушул жерден мен кошумча далилдеп берейин, Азиза Абдрасулова менен Төлөйкан Исмаилова Нариманга аскер күчтөрү, милиция постторду, жолдорду тазалайбыз, куралдарды алабыз деп киргенде, алар маалымат беришпедиби, «АКИпресстен» чыгып кетти, 20дай адамды атып таштаптыр, өлтүрүштү деп. Кийин өздөрү төгүндөө бербедиби, болгону бирөө каршылык көрсөткөн, ошого карата милиция кызматкерлери ок чыгарган. Мына ушундай фактылардын негизинде алар жазышкан. Ошондуктан мен айтаар элем, албетте, эл аралык иликтөө керек, бирок бул иликтөөлөр объективдүү болуш керек. Себеби эки тараптын ичинде кектер абдан көп, ошондуктан бир жактуу болуп калса, экинчи тарап баары бир карама-каршы чыгат.

«Азаттык»: Дагы бир тактап койчу маселе, сиз Алайдан келген адамдар менен Фурхатта жергиликтүү тургундар жолугушкан кезде адамдар курал жарак берүүнү талап кылышкан экен. Бекназаров экөөңүздөр вертолет менен учуп кеткенден кийин куралдар таратылган дейт. Ким кантип тараткан куралды?

Исмаил Исаков: Фурхатка үч миңден ашык эл топтолгондо, жолдун жээгине вертолетту кондуруп түштүк дагы, барсак жаш балдар, сөздү укпайт, анан айтышты автомат бергиле деп. Мен дөңгөлөккө чыгып айттым, урматтуу жердештер, инилер силерге автомат берилбейт, эгер автомат берилсе бирөөнү атасыңар, аткандан кийин өлөт, анан кылмышкер болосуңар, армия турат, аткандардын барын жазага таратабыз десек, чындыгында тиги жактан снайперлер атып атат деп машина менен өлгөндөрдү, жарадар болгондорду алып кетип атышыптыр.

Мына көрдүңүзбү, бул жерде мындай болуп атса сиздер автомат бербейбиз дейсиңер деп аябай кыжырданышты. Мен айттым, бербейм силерге, мыйзамды бузасыңар деп кеткенде, артыбыздан таш ыргытып, вертолеттун айнегин сындырышты. Биз учуп кеттик. Ошол Майлы-Сайдан келаткан аскер бөлүгүндөгү үч БТРдин экөөсүн алып кеткен. Ошону булар беришти деп элге жарыялап жүрүшөт, өзбектерди талкалагыла, кыргыла деп айтыптыр деп элдин арасында жалган ушактарды таратып жатпайбы.

«Азаттык»: Эмне үчүн ошол убакта түштүктөгү кагылыш болгон учурда сиз маалыматтарды так-так берип туралган жоксуз. Эл аралык ММКлардын өкүлдөрү бийлик өкүлдөрүнө такыр жете албай атабыз, так маалымат алалбай атабыз деп доомат арткан учурлар көп болду?

Исмаил Исаков: Мунун баары жалган. Ошол жерде комендант ар бир күнү эртең менен кеч курун маалымат берип атты. КТРден карасаңар анын маалыматтары кетип атты. Андан башка биз бир эле өзүбүздүн журналисттерге эмес, бүт чет элден келген журналисттерге так маалымат берип, кээ бирлерине көрсөтүп да жаттык. Маалымат тараткан жок деген бул туура эмес. Менимче бул бүгүнкү күндө бизди көрө албаган адамдар, атайын жамандайм деген адамдардын сөздөрү болсо керек.

«Азаттык»: Жыпар мырза, комиссия апрелдеги окуяларды, анан майдагы окуяларды иликтеп тыянагын чыгаргандан кийин эмне үчүн элге жарыя кылган жок. Тергөө, тартип коргоо органдары кандай күчтөр, кандай адамдар тургандыгын иликтеп деле чыккан болуш керек. Эмне үчүн кеч жарыяланып жатат. Себеби эмнеде?

Жыпар Жекшеев: Биринчиден, экинчи коогалаңдуу окуя боюнча комиссиянын иши бүтө элек азырынча.

«Азаттык»:
Биринчи окуя боюнча?

Жыпар Жекшеев: Биринчи окуя боюнча мага да түшүнүксүз болуп калды. Биз муну бир айдан ашык убакыт мурун эле өзүнүн мөөнөтүнөн кечиктирбей туруп бүтүмүн чыгарып бергенбиз. Ошондо ким күнөөлүү, кандай штаб түзүлгөн Ак үйдүн ичинде, ал штабда ким мүчө болсо, ошолор болуп Кыргызстанда түздөн-түз күч органдарын башкарып турган ар биринин атына чейин жазып бергенбиз. Анда ким кандай роль ойногон, Таласта эмнеден башталган, кимдер аракет кылган тынч жолу менен бүтүрүүгө, ал эми кимдер түздөн-түз командасын берген, баарын жазып берип, өзүбүздүн баабызды бергенбиз. Эмне үчүн ушул убакытка чейин жарыяланган жок билбейм. Экинчи кандуу окуяны эч ким күткөн эмес да, ал уланып кеткенден кийин, балким, ошол себептен болсо керек. Жарыяланып элге чыкпай калганы өкүнүчтүү болуп турат биринчи комиссиянын иши. Жарыяланып кетсе, балким, биринчи этапка чекит коюп коет элек.



«Азаттык»: Сиз мүчө болгон комиссия иштеп жаткан кезде, тыянагы чыга электе эле «Комсомольская правда в Кыргызстане» жана «Форум» гезиттерине «Комиссиянын так иликтөөгө алы жетпейт» деген маалымат жарыяланып кетти. Эмне үчүн андай жарыяланды, ага эмне негиз берди деген ойдосуз? Мындай маалымат комиссиянын ишине терс таасирин тийгизген жокпу?

Жыпар Жекшеев: Эч качан терс таасирин тийгизбейт. Тескерисинче ого бетер бизди курчутуп, бизди ойлондуруп атат. Себеби кийинки окуяда өзбек улуту менен кыргыз улутун гана айтып, ким биринчи баштады, ким эмне кылды деп ошол форматтан чыкпай атпайбызбы. Негизи мунун тамыры аябай терең жатат. Ошол эле Орусиянын айрым саясатчылары, эксперттери, журналисттери келип алып туруп, түздөн-түз биздин парламенттик республикага, биздин өкмөткө дагы каршы иштерди элдин арасында ачык эле текст менен айткан фактылар бар, мисалы Жалал-Абадда.

«Азаттык»: Демек ушул маалыматтар дагы козутту деген ойдосузбу?

Жыпар Жекшеев: Сөзсүз түрдө, Орусиянын белгилүү саясат таануучулары мындан 3-4 жыл мурун эле ачык эле айтпады беле, Кыргызстан өзүнүн мамлекеттүүлүгүн сактай албайт, экиге бөлүнүп кетип, түштүгү Өзбекстанга, түндүгү Казакстанга карап калышы толук ыктымал деп. Бул жөн эле оозунан чыгып фантазиясын айткан жок да, кандайдыр бир маалыматка таянып туруп айтты. Кийин унчукпай калды. Себеби бүт баарынын эсебинен бир жерден жаңылды деп айтам, ушунчалык катуу даярдалган жаңжалды токтотуп калган эң биринчи ирет кыргыздын өзүнүн жарандары, патриоттору болду. Андан кийин Жалал-Абаддын губернатору Бектур Асановдун өз оозунан уктук. Мен суроо бердим эле кайсы сырткы күчтөрдү байкадыңар, маалыматтардын баары колуңарда, губернатор болгондон кийин десем, Бектур Асанов айтты, эң биринчи Орусиянын саясат таануучулары, саясатчылары, журналисттери, эксперттери келип кадимкидей элди тескери үгүттөп, парламенттик республика болбойт, келечеги жок Кыргызстандын деген жаман сөздөрдү таратып атканын өз көзүбүз менен көрдүк, күбө болдук деп айтып берди. Бул абдан ойлондура турган маселе.

«Азаттык»: Исмаил мырза, түштүктө кандуу кагылыш башталгандан кийин эмнегедир сиз бир нерсе күткөндөй, бир нерсеге кылчактагандай мамиле жасап, кагылышты токтотуу үчүн катуу чараларды тезинен көргөн жок деген пикирлер эл арасында айтылып жатат. Анын чындыгы барбы же Бакиевдерди колдогон күчтөрдүн таасири тийдиби сиздин ишиңизге?

Исмаил Исаков: Ар түрдүү сөздөр жүрүп атканын биз дагы угуп атабыз. Жалаң эле күжүрмөн октору менен жөнөкөй турган адамдарды атканга мүмкүн эмес болчу. Ошондуктан бизде бир гана жол калган аялдарды, балдарды, карыган аксакалдарыбызды, ким болбосун коопсуз жерге алып чыгып жайгаштырыш. Мен ойлойм муну атайын чыгарган, Убактылуу өкмөттү күнөөлөп, күчү жетпей калды, тез чара көргөн жок, булар эч нерсени билбейт деген мааниде таш ыргытып атканы азыркы күндө баягы күчтөрдүн дагы эле баш көтөрүп жатканы белгилүү болуп калды.

«Азаттык»: Демек Бакиевдерди колдогон күчтөрдүн сизге таасири болгон жок?

Исмаил Исаков: Мен Бакиевдерге болгон күчтөрдүн таасири эч качан тие албайт, тийбейт дагы. Мен Бакиев менен жакынырак болуп жүрсөм айтса болот эле. Мен түрмөдө жатпасам, бизди кордобосо, айтса болот эле. Ошондуктан ага негиз жок.

«Азаттык»: Сиз түштүккө атайын өкүл болуп баргандан кийин ал жердеги кырдаалды жөнгө салуудан мурун өз партияңыздын имиджин көтөрүү үчүн аракеттерди көрүп, атка минерлерди чогултуп, жыйын куруп, анан шайлоого алдын ала даярдыктарды көргөн деген дагы кептер айтылып жатат. Мунун чындыгы барбы же сиздин атаандаштарыңыз чыгарган кеппи?

Исмаил Исаков: Кыргызстанда бүгүн бардыгын айтса боло берет, элибиз ошого көнүп калган. Биз ал жерде жүргөндө эки кыргыз-өзбек улутун стабилдүүлүккө алып келгенден кийин аксакалдарды, аттуу-баштууларды чогулутуп ынтымакка алып келели деген аракеттер менен жүргөнбүз, элдер менен мен жолугуп жүргөм. Кайталап коеюн, Исаковдун мойнунда бир эле Ош шаары эмес Ош облусу, Жалал-Абад облусу, Базар-Коргон, Баткендеги Сох чек арасынын ичиндеги техникаларды алып чыгуу, менин мойнумда чоң иш турган. Ошонун баарын мен ойлойм, бизге Убактылуу өкмөт берген тапшырманы жана өзүмдүн милдетимди так аткарып, бардыгын убагында жасадык деп.

Мурунку бийликте жасай албаган нерселерди жасап, чек ара маселеси боюнча ийгиликке жетиштик десем эч качан жаңылышпайбыз, муну баса белгилеп кетели. Ошондуктан мүмкүн кээ бир менин оппоненттерим, же биз катуурак урушуп койгон жетекчилер ошондой сөздөрдү чыгарып жүрүшү ыктымал. Ушундай кырдаалда мен кантип партиянын деңгээлин көтөрүп, партиям үчүн добуш бергиле деп жүрүшүм керек. Биринчи жолу 14-15-майдагы Оштогу, Жалал-Абаддагы окуяда биз аны басып ордуна келтиргенден кийин Ош, Баткен облустарынан партиялаштарым келген экен, ошолор менен жолуккан болчумун. Мүмкүн ошону да кошуп айтып атканы болушу ыктымал.

«Азаттык»: Түштүктөгү окуянын чыгышына Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрүнүн Кадыржан Батыров менен соодага барышы, өзбек тектүү жарандардын шайлоодо добушун алуу үчүн аракет кылышы себеп болду деп көп айтылып жатат. Батыровду Жалал-Абад облусунун губернатору кылабыз, өкмөттүн мүчөсү кылабыз деген убадалар берилди деп жатат. Ошонун чындыгы барбы, генерал катары ачык айтыңызчы, мындай сөздөргө негиз барбы?

Исмаил Исаков: Мен айтат элем мунун чындыгы жок. Себеби мен өзүм жалпы жыйындарда жүргөндө, же Бишкекте чогуу жүргөндө бир дагы жетекчинин Батыров менен сүйлөшкөнүн көргөн эмесмин. Биз мамлекеттик деңгээлде жүргөндөн кийин буга негиз болбосо керек. Себеби мен бир дагы жетекчинин сөзүнөн уккан жокмун, жолугуштук эле, жардам берели деген сөз болгон эмес. Кадыров жөнүндө өкмөттүн мүчөлөрү ушундай деңгээлде убада кылыптыр дегенди өз кулагым менен уккан да жокмун, бирок ушактар бүгүнкү күнгө чейин жүрүп атпайбы, бирок мен ойлойм мунун бары туура эмес болсо керек деп.

«Азаттык»: Өткөндө «Ыңгайсыз суроолорго» катышкан «Ата Мекен» партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев Батыровду чек арадан ким чыгарып жибергендигин түштүк аймакта чоң макамы болгон генералдардан суроону сунуш кылды эле. Жергиликтүү тургандар дагы 14-майда Жалал-Абадда болгон окуядан кийин «Манас ата» деген коомду түзүп, Батыровду кармоону талап кылышкан экен. Эмне үчүн түштүк аймак боюнча атайын өкүл катары Батыровдун фамилиясын чек арачыларга берген эмессиз, эмне үчүн 1-июнда коменданттык саатты токтотууга макул болдуңуз эле?

Исмаил Исаков: Биринчиден, мен өкүл катары Батыровдун фамилиясын бере албайм. Аны бериш үчүн бизде укук коргоо органдар, соттор бар, ошолордун негизинде беришет. Анча-мынча адамдын укугун сактайлы дегенди да карашыбыз керек. Ошол кездеги өкүл катары облустук коопсуздук кызматынын, милициянын жетекчилерине мен буйрук бергем, иш козгойсуңар кармайсыңар деп. Албетте, азыркы күнгө чейин күч органдары кармай албай жүрүшөт.



«Азаттык»: Сиз түздөн-түз кимге буйрук бергенсиз, ал буйрукту кимдер аткарган жок?

Исмаил Исаков: Ошол жерде турган комендант Бакыт Алымбековго, ал 18-19да мени менен барбадыбы, ал комендант болуп калды ошол жерде. Ошол жердин прокуроруна, коопсуздук кызматынын облустук жетекчилерине жана милиция жетекчилерине биз буйрук бергенбиз. Эгерде мен тергөөчү болсом, же болбосо аткара турган аткаруучу болсом, албетте, артынан барышым керек болчу. Бирок укук коргоо органдарыбыз ушундай болсо, албетте, биз күнөөбүздү сезебиз ошолордун так аткарылбаганына.

«Азаттык»: Түштүк аймагы боюнча буйруктун аткарылышын көзөмөлдөй алат белеңиз?

Исмаил Исаков: Албетте.

«Азаттык»: Эмне үчүн аягына чыгаралган жоксуз?

Исмаил Исаков: Аягына чыгарыш үчүн азыр кетип калды. Алар айтып атат бизге кармай албай калдык, чыгып кетти дешип. Биз конкреттүү кишилерден чакырып алып сурашыбыз керек. Биз өкмөттүн жыйынында да катуу уруш болгон, эмне үчүн кармабайсыңар деген сөздөрдү министрлерге кабыргасынан койгонбуз. Мен конкреттүү түрдө тергөөчүгө команда бералбайм, же анын артында жүргөңдөргө. Ошондуктан андай кемчилик бар, аны моюнга алыш керек.

«Азаттык»: Жыпар мырза, эл арасында айтылып жаткан ушундай маалыматтарды комиссия кандай иликтөөгө алып жатат, кандай ыкма менен жүргүзүлүп жатат. Же жергиликтүү органдар берген справкалар менен гана чектелип жатасыздарбы? Анан укук коргоочулардын маалыматтарын да четке каккан жоксуздарбы?

Жыпар Жекшеев: Жок, биз болгон маалыматтардын барын жыйнадык. Ушул имиш-имиш сөздөрдү Кыргыз-Чеги деген айыл округда эл менен жолукканыбызда уктук. Өзбектер, кыргыздар чогуу жашайт экен. Ошол жерде Жылдыз Жолдошева да айтып чыкты, мен билем, Убактылуу өкмөттүн беш мүчөсү Кадыржан Батыровдун дачасында болуп, убадалашкан экен, Жыпар Жекшеевич мен сизге ишенем, мен сизге ошол дискти алып келип берем деген. Бирок эч кандай диск, эч кандай материал, факты жок. Шайлоонун астында саясий себептер менен саясий оюндар да ойноп кетип атат. Мисалы, атаандаштар эле ошондой имиштерди таратат.

Исмаил Исаков: Ким болбосун, Кадыржан Батыров болобу, же башка жаран болобу Кыргызстанда аны кармаш үчүн сот аркылуу санкция берилип анан кармалат. Ошондо Жалал-Абаддын сотуна да ошондой буйрук бергенбиз, эмне үчүн санкция бербейсиң деп. Өз ара сөздөр чыкканда санкция эмне бербейсиңер дегенде, алар айткан тергөө материалдары бизде жок дешип. Ушундай бири-бирине шылтоо болгон. Мен ойлойм, бул жерде азыр комиссия терең иликтеп текшергенден кийин ачыкка чыкса керек, кимдин бул жерде конкреттүү күнөөсү бар.
«Азаттык»: Азыркы учурда комиссия кандай бүтүмгө келип жатат, эмне себептен кармалбай жатат издөө салынган адамдар?

Жыпар Жекшеев: Биринчиден, алар Кыргызстандын аймагынан өз убагында чыгып кетишкен. Бардык маалыматтарга караганда алар азыр Кыргызстанда эмес. Кадыржанды Орусияда жүрөт дейт, Иманжанды Өзбекстанда Ташкенде жүрөт дейт. Бирок мен айтат элем, коопсуздук кызматы, анан прокуратура тарабынан чечкиндүү чараны көрүш керек. Жанагыдай сөздөргө мен ишенбейм, кудай анын бетин ары кылсын, өкмөттүн мүчөлөрү өздөрү шериктеш болуп, убадалашып, ич ара соодалашкан болсо, андай адамдарга кандай деңгээлдеги кызматта турса дагы эч кандай аесуз иш чара көрүлүш керек. Себеби Кадыржан Батыровдун ким экенин, кыргыз элине кандай мамиледе экени бир эле жыл эмес, көптөн бери эле белгилүү болуп калган.

«Азаттык»: Ал эми апрель окуялары боюнча иликтөө кандай тыянак берип жатат. Издөөдө жүргөн адамдар эмне үчүн кармалбай жатыптыр жана алардын мамлекеттен чыгып кетишине кимдер шарт түзүптүр?

Жыпар Жекшеев: Мен укук коргоо органынын өкүлү болбогондон кийин так кесе айта албайм. Бирок бир нерсени айтышым керек, ушунча убакыттан бери, узак мөөнөттөн бери даярдалган экен, ошондон бери куралданышыптыр, мечиттердин ичинде ачык эле үгүт иштери жүргөн экен. Ошолордун баарын убагында маалымат бербеген коопсуздук кызматы, апрелге чейин эле көптөн бери жүрүп аткан ишти, анда эмне кызмат, алар жалаң гана саясий оппозициянын лидерлеринин аркасынан түшүп эле, ошолорду камап эле, бийликтин тегерегинде гана иш аракетин жүргүзгөн экен деп түшүндүм. Мамлекеттин, элдин коопсуздун эч кандай ойлобой, эч кандай чара көрбөптүр. Мен ушунчалык көңүлүм калды. Бул эң биринчи ошолордун милдети болчу. Мурда иштеп келген адистер азыр деле иштеп атат да, менин оюмча ушул шалаакылык дагы эле жоопкерчиликсиз өкүм сүрүп турат көп жерде.

Исмаил Исаков: Абдан туура айтып атат, мен кошулам айтылган сөздөргө, объективдүү негиздер бар. Мурунку бийликтер кадрларды ушундай тандап коюшуптур, ийилип кызмат кылганына карап. Кээ бир учурда булар атайын саботаж да кылып жүрүштү да. Биринчи окуяда биз кээ бирин кармагыла десек, кармап келебиз дешет дагы, баргандан кийин жок деп келишет.

«Азаттык»: Исмаил мырза, Бакиевдин учурунда коргоо министри болуп иштебедиңиз беле, ошол учурда армиянын деңгээли бир топ жогорулады деп айтып жүрүшөт. Ал тармакты эмне үчүн азыр кайра башкаргыңыз келбей калды, эмне үчүн дагы жакшырткыңыз келбей атат, же президентти Жогорку Кеңештин спикери катары гана өзүңүздү элестетип турасызбы?

Исмаил Исаков: Андай эмес, себеби биз жаңы келгенде элге убада бергенбиз, жаңы Конституциянын долбоору келгенде баарыбыз отставкага кетип таза шайлоо өткөргөнгө мүмкүнчүлүк алып беребиз деп. Жигиттик кылып сөзүбүзгө тургандыгыбыз. Экинчиден, шайлоо болгондон кийин жаңы өкмөт келет дагы, уткан партия жаңы жетекчилерди коет деген ой менен, андан башка тартипти алып келели, мыйзамдуулукту орнотолу деген ой менен, кудай каалап эл колдоп калса, көрсөтөлү деген ой менен биз кеттик.

«Азаттык»: Абалды кантип оңдойсуздар, экономиканы кантип көтөрөсүздөр?

Исмаил Исаков: Экономиканы көтөрүш үчүн биринчи ууруларды токтотобуз. Чачыраган акчалардын баарын чогултуп мамлекеттин казанына салыш керек, жакшы иштей турган кадрларды коюш керек.



«Азаттык»: Жыпар мырза, парламенттик шайлоого Кыргызстандагы 150гө жакын саясий партиялардын 57си аттанды. Алардын арасында атаандаштык саясий маданияттын деңгээлинде жүрөт деген ишеним барбы? Каралоо, жок жерден жалаларды жабуудан арыла алышабы?

Жыпар Жекшеев: Жок, менин оюмча бизде парламент деген саясий маданияттын деңгээли азыр андай кепилдик бергенге негиз жок. Менин оюмча биринчи жолу ачык көп партиялардын катышуусу менен шайлоо өткөнү турат. Албетте, ар түрдүү жаман көрүнүштөрдү да биз көрөт болушубуз керек, баары жакшы болот дегенден мен алысмын. Бирок бул тепкичти да биз басып өтүшүбүз керек. Бул тепкичтен биз өтүп кеткенден кийин дагы бир жолу саясий-маданий деңгээлде жетишебиз.

«Азаттык»: Кыргыз бийлиги эми түштүктөгүдөй кагылыштарды болтурбоо үчүн кандай аракеттерди көрүш керек жана ал аракеттердин эң башкысы кандай чара болуш керек?

Жыпар Жекшеев: Мен ойлойм, ушунчалык кыска мөөнөттүн ичинде, көз ирмемдүү убакытта ушунчалык чоң сыноону башынан өткөргөндөн кийин бүгүн убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү дагы, техникалык өкмөт дагы бир жоопкерчиликти унутпаса да, ушунча биздин курман болгон азаматтардын астында, элдин астында берген антын унутпаса. Эгерде мурунку бийликтин ит ооруларын, жаман өнөкөттөрүн кайталап кетсе, мамлекет эмес өзүнүн чөнтөгүн, жеке кызыкчылыгын ойлоп калса анда биз оңолбой калдык. Экинчиден, мейли партиялар ар түрдүү болсун, программасы ар кандай болсун, бирок мамлекетти, улуттун биримдигин, элдин коопсуздугун сактап калуу барынан бийик, ыйык экенин түшүнгөндө, ошого жараша чара көрсө, ошондо менин оюмча тарыхый өзүлөрүнүн милдетин аткарат.

Исмаил Исаков: Эң негизги чарасы бүгүн тынчтыкты, стабилдүүлүктү ушул бойдон алып сактап калыш. Ал үчүн экономиканы, коопсуздук маселесин, бардык тараптан саясий маселелердин бардыгын өз жөнүнө салыш керек. Экинчиден, албетте, тартиптүүлүк, мыйзамдуулук. Акырында, азыркы шайлоону бардыгыбыз амбицияларды басып коюп, кызыкчылыкты унутуп коюп туруп, жалпы кыргыз элинин, Кыргызстандын келечеги үчүн деп тынчтыкта өткөрүп алсак ошол чоң ийгилик болот.

«Азаттык»: Анда эмесе урматтуу мырзалар бүгүнкү маекке катышып бергениңиздер үчүн чоң рахмат. Ар бир жаран республика үчүн кызмат кылат деген ишенимде бололу.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG