Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:51

Бүгүн Бишкекте HRW уюмунун баяндамасына каршы акция өтөт


“7-апрель” кыймылынын жетекчиси Өндүрүш Токтонасыровдун “Азаттыкка” билдиришинче, бүгүн БУУнун Бишкектеги кеңсесинин алдына “HRW уюмунун баяндамасы кабылданбасын”,- деген ураан менен нааразычылык акциясы өтөөт. Акциянын негизги максаты - аталган уюмдун өкүлдөрүн түштүк окуяларын иликтөө боюнча эл аралык комиссиянын курамына киргизбөө болуп саналат.

17-августта да “7-апрель” кыймылы ушундай талаптар менен БУУнун алдына чыгышкан болчу.

16-августта HRW уюму түштүктөгү окуялар боюнча иликтөөсүнүн алгачкы жыйынтыктарын жарыя кылган. Баяндамада өкмөттүк айрым күчтөр билип туруп, же кокустуктан өзбектерге каршы чабуулдарга аралашып кеткени айтылат. Ошондой эле тартип коргоо органдары өзбек коомчулугун тиешелүү деңгээлде коргоого албаганы белгиленип, өкмөттүн июндагы коогалаңдын астейдил иликтенишине анча кызыкпай жатканын сындаган. Андан тышкары баяндамада коогалаңдын башталышына өзбек тектүүлөр себепчи болгону да айтылган.

XS
SM
MD
LG