Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:14

АКШ сенатору Кабулга кайтып барды


Кечээ Пакистанда бул өлкөгө селден улам жардам көргөзүү маселесин талкуулаган сенатор Жон Керри Вашингтонго кетпестен күтүүсүздөн кайра Кабулга кайтып барды. Керринин өкүлдөрүнүн айтымында, Cенаттын тышкы иштер боюнча комитетинин төрагасы ооган президенти Хамид Карзай менен сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасын өткөрүүнү көздөөдө. Карзай менен Керри апта башында эле кездешкен. Алдыдагы сүйлөшүүнүн күн тартиби тууралуу азырынча расмий маалымат жок. Бирок кээ булактардын пикиринде, Керри Карзайды төрт айы ичи кайтаруу кызматтын көргөзгөн жекеменчик агенттиктерди таратуу боюнча жардыгынын шарттарын жеңилдетүүгө ынандырууну көздөөдө. Андай агенттиктер негизинен эл аралык уюмдардын Ооганстандагы кызматкерлеринин коопсуздугун камсыз кылат. Мурдараак Пентагон алардын иши токтотулуусу үчүн Карзай белгилеген төрт айлык мөөнөт абдан эле тар экенин белгилеген.

XS
SM
MD
LG