Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:03

ЖККУнун саммитинде Кыргызстандагы кырдаал талкууланат


Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна кирген өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын бейформал жыйыны бүгүн Армения борбору Ереванда башталууда. “Итар – Тасс” агенттигинин маалыматына караганда, жыйындын уюштуруучуларынын айтымында, Борбор Азиядагы абал жана Кыргызстандагы кырдаалды стабилдештирүү боюнча чаралар саммиттин көңүл борборундагы башкы маселе болот. Ага Армения, Беларус, Орусия, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан президенттеринин катышуусу белгиленген. Ал эми Өзбекстан президенти саммитке келбейт. Саммитте пикир алышуу болот, бирок кандайдыр бир расмий документ кабыл алынуусу күтүлбөйт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG