Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:11

Оштун борбордук аянтына эки миңден ашуун адам чогулду


“Азаттыктын” аймактагы кабарчысы Эрнис Нурматовдун айтымында, алар колдоруна “Мелис биз сени мененбиз”, “Мелис кыргыз чыгааны” деген сыяктуу плакаттарды көтөрүп алышкан. Чогулгандардын алдына вице-мэр Таалай Сабиров чыгып, Бишкекте жүргөн мэр Мелис Мырзакматов менен байланышканын, аны “уруп кетиптир” деген сөз жалган экенин айтты. Вице-мэр М.Мырзакматов түштөн кийин Ошко келиши ыктымалдыгын белгиледи. Чогулгандар болсо мэрге жолукмайын тарабастыгын айтышууда. Учурда аларга атчандар келип кошулду.

Оштун борбордук аянтына кечээ шаар мэри Мелис Мырзакматовдун төрт миңге чамалаш тарапкери чогулган. Алар мэр кызматтан алынат экен деген сөздөрдү угуп алып келишкен. Алар Мелис Мырзакматовду ордунда калтырууну талап кылышууда, эгер ал кызматтан кетсе президенттин өзүн кошо кызматтан кетирүү талабы менен чыгышарын эскертишкен.

Президенттин маалымат кызматы Мелис Мырзакматовдун кызматына байланыштуу кандайдыр бир чечим чыккан-чыкпаганы тууралуу эч кандай маалымат жоктугун "Азаттыкка" билдиришти. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG