Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:47

ЖККУнун саммитинде Кыргызстанга берилчү аскерий-техникалык жардам сүйлөшүлөт


Өлкө президенти Роза Отунбаева Ереванда өтө турган Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) формалдуу эмес саммитине катышуу үчүн жөнөп кетти. Бул тууралуу “Азаттыкка” президенттин маалымат-координациялык борборунун жетекчиси Фарид Ниязов кабарлады. Анын айтымында, саммитте президент Кыргызстандагы кырдаал жөнүндө сөз сүйлөп, ЖККУнун Кыргызстанга бериле турган аскерий-техникалык жардамы тууралуу маселе козголот. Ошондой эле уюмга мүчө өлкөлөрдүн башчылары менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөрү күтүлүүдө.

Июнь айында түштүктө болгон тополоңдон кийин ЖККУ Кыргызстанга жардам берүү чечимин кабыл алган. Жардамдын ичине тогуз тик учак, сооттолгон унааларды жана милиция кызматкерлерине керектүү жабдыктарды бермей болгон. Кыргызстандын коопсуздук кызматынын катчысы Алик Орозов бул маселе эмнегедир кечеңдеп жатканын, анын аркасында саясий өңүт болушу ыктымалдыгын “Азаттыкка” билдирген болчу. (КЕ)

XS
SM
MD
LG