Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:33

Улуттар уюму Пакистан боюнча чукул жыйынын баштады


Чукул сессия селден жапа чеккен Пакистанга берилүүчү жардамды көбөйтүү жана тездетүү үчүн чакырылды. Анда өткөн жекшембиде Пакистанга барып келген башкатчы Пан Ги Мундун маалыматы угулду. БУУнун эсебинде, жалпысынан 20 миллиондой адамга таасири тийип, 1600дөй кишинин өмүрү кыйылган селден улам азыр өлкөдө 4 миллиондон ашуун адам башпаанексиз калды. Өлкөнүн тышкы иштер министри Шах Мехмуд Курешинин айтымында, Пакистан муктаж болуп турган кезде жардам берилбей калса, эктремисттер муну өз кызыкчылыгында пайдаланып кетүүсү мүмкүн. АКШ Мамлекеттик катчысы чукул жыйындагы сөзүндө буларга токтолду:

-Президент Обаманын жана Америка элинин атынан Пакистанга бул кризистеги муктаждыктарында жана андан кийинки калыбына келтирүүдө жардам берүүгө чечкиндүү экенибизди билдиргим келет. Мен Пакистан эли Кошмо Штаттар дарыялар көтөрүлгөндө да, төмөндөгөндө да бирге экендигин, силердин талааларды кайра айдап-себүүдө, жолдоруңарды оңдоодо чогуу болорубузду билип коюшун каалайм. Биз силер менен жакшыраак келечек жана күчтүү мамлекет куруу боюнча узак мөөнөттүү милдеттерди аркалаганыңарда да ийиндеш болобуз.

Хиллари Клинтон кечээ АКШ Пакистан үчүн кошумча дагы 60 миллион доллар ажыратарын жарыялады. Муну менен АКШ жардамынын көлөмү 150 миллион долларга жетти. Ал эми Британия жардамын эки эсеге көбөйтүп, 100 миллион долларга чыгарарын билдирди. Евробиримдиктин атынан сүйлөгөн Бельгиянын тышкы иштер министри Стивен Ванакере мурда айтылган 100 миллион еврого дагы 30 миллион евро кошуларын убада кылды.

Улуттар уюму Пакистанга чукул жардам үчүн зарыл деп эсептеген 460 миллион доллардын ушул шаршембиге карата жарымы эле чогулган болчу.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG