Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:03

УКМКнын алдына элүүдөн ашуун адам пикетке чыгышты


Алар “Мекен Туу” партиясынын лидери Урмат Барктабасовдун жактоочулары катары 5-августта кармалышкан адамдардын жакындары. Пикетке чыккандар камакка алынгандарга кыйноолор токтотулсун, ошол окуя боюнча акыйкат иликтөө, тергөө жүргүзүлсүн, бей күнөө адамдар бошотулсун деген талаптар менен чыгышкан. Чогулгандар кармалган жакындары менен жолуга албай, тамак-аш киргизүүгө мүмкүн болбой жатканын айтып, ошондой эле Улуттук коопсуздук кызматынан же бийлик тараптан эч ким чыгып, жоолукпаганын белгилешүүдө. Алар бул тууралуу президент Роза Отунабевага, Башкы прокуратурага жана Акыйкатчы Турсунбек Акундун атына кайрылып, алигүнчө жооп ала элегин айтышты. Бул тууралуу жеринен "Азаттыктын" кабарчысы билдирди.

Улуттук коопсуздук кызматынын басма сөз катчысы Рысбек Быкын уулу өз кезегинде "Азаттыкка" кармалгандарга карата кыйноолор болбогонун белгилеген эле. (КЕ)

XS
SM
MD
LG