Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:06

Эски аянтта нааразылык акция өтүп жатат


Жогорку Кеңештин имаратынын алдына Бишкектеги Ош базарынын 60 чакты сатуучулары чыгышты. Алар шаар мэри Иса Өмүркуловдун Киев жана Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинде турган сатуучуларга уруксат берип койгонуна нааразы болушууда. Нааразылыкка чыккандар жолду бошотуп, тазалоо талабын коюп чыгышкан.

18-августта Бишкектеги Ош базарында иштеген эки жүзгө чукул адам Киев жана Бейшеналиева көчөсүндөгү кичи дүкөндөрдүн алынып салынышына нааразы болуп митингге чыгышкан. Алар Ош базарынын тегерегинде иштөөгө уруксат берүүсүн сурашкан болчу. Митингге чыккандар менен Бишкек шаарынын мэри Иса Өмуркулов жолугуп, аларга иштеп туруу үчүн бир жыл убакыт берилгенин кабарлаган. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG