АКШ өкмөтү Кыргызстандын Ички иштер министрлигине 134 миң долларлык унаа жана жабдыктарды тапшырды. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат жана коомдук байланыш башкармалыгынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, 7-8-апрелде Таластагы тополоңдо талкаланган ИИМдин карамагындагы эки тез жардам унаасынын орду толукталды. Ошондой эле үч жүзгө чукул рация алышты. АКШдан жардам кыргыз милициясын бекемдөө, коопсуздук чараларын көрүүдө бири-бири менен байланышууну жана кыргызстандык бардык жарандарга жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу максатында берилген. (КЕ)