Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:05

Жалал-Абадда жети айда 120 жаратылыш-техногендик кырсык катталды


Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрациясынын курулуш, транспорт жана байланыштар бөлүмүнүн жетекчиси Ажымамат Исаевдин маалымдашынча, кырсыктардын жыйырма тогузу селдин жүрүшүнөн келип чыккан. Быйылкы жаан-чачындын көп болушу Кара-Дарыя жана Көгарт сууларынын айрым аймактарындагы тосмолордун бузулушуна алып келди. Жээктерди бекемдөөчү тосмолор секундасына 400 куб метрге чейинки көлөмдөгү сууну кармоого ыңгайлашса, апрель-май айларында суунун көлөмү секундасына 580-600 куб метр болгон. Суунун көбөйүшүнө Анжиян суу сактагычынан көп өлчөмдөгү суунун чыгышы себеп болгон. Ага куйган Куршаб жана Яссы тоо сууларынан секундасына 2000 куб метр көлөмдөгү суу келгендиктен, өзбек тарап сууну көп өлчөмдө кое берүүгө аргасыз болгон. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы кабарлады. (AzK)

XS
SM
MD
LG