Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:00

Т.Акун Урмат Барктабасовдун эки тарапкери катуу сабалган деп билдирди


Акыйкатчы Турсунбек Акундун “Азаттыкка” билдиришинче, бүгүн Акыйкатчы институтунун кызматкери Акылбек Сүйүнбаев УКМКнын убактылуу кармоо жайында жаткан Урмат Барктабасовдун эки жактоочусу Курманбек Сейталиев жана Акылбек Акунов менен жолугушуп, алардын катуу сабалгандыгына күбө болгон.

“Мен 16-августта Урмат Барктабасов менен жолукканда ал экөөнү тергөөдө жүрөт деп көрсөтүшкөн эмес. Көрсө алар катуу сабалып, баса албай калышкан экен”,- деди Турсунбек Акун. Акыйкатчы бул боюнча УКМКнын төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев мыйзам алдында, коомчулуктун алдында жооп бериши керектигин жана мындай кыйноолор тууралуу ал дүйнөлүк коомчулукка билдире тургандыгын эскертти.

Учурда УКМКнын убактылуу кармоо жайында 5-августтагы окуяларга байланыштуу “Мекен туу” партиясынын лидери Урмат Барктабасов менен кошо жети киши кармалып жатат. УКМКнын маалымат кызматынын жетекчиси Рыспек Быкын уулу "Азаттыкка" азырынча аларда мындай кыйноолор тууралуу маалымат жок экендигин билдирди. (AzK)

XS
SM
MD
LG