Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:54

Палестин жетекчилиги АКШнын сунушуна көндү


Палестина боштондук уюмунун лидерлери АКШ өкмөтүнүн Вашингтондо Израил менен тынчтык сүйлөшүү өткөрүү сунушун кабыл алды. Бирок сүйлөшүүлөрдөгү палестин делегациясынын башчысы Саеб Эракат эгер Израил басып алган жерлеринде жаңы конуштарды куруу жөнүндө жаңы планын жарыяласа, палестин тарап түз сүйлөшүүнү таштап кетет деп эскертти.

АКШ Мамкатчысы Хиллари Хлинтондун маалымдашынча, Вашингтондо болчу сүйлөшүүгө Иордания падышасы Абдулла, Египет президенти Хосни Мубарак жана эл аралык коомчулуктун Жакынкы Чыгыштагы чабарманы Тони Блэр чакырылган. Сүйлөшүүдө Израил-Палестин чек арасы, Иерусалимдин жана палестин качкындарынын статусу такталууга тийиш.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG