Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:05

Ооганстан: Эл аралык күчтөр сегиз талипти жок кылды


Ооганстандагы НАТО башындагы эл аралык күчтөрдүн (ISAF) кабарлашынча, жума күнкү кагылыштарда сегиз талип козголоңчусу жана НАТОнун бир жоокери катардан чыккан. Билдирүүдө Фрах провинциясында согушчандарга каршы өткөрүлгөн операция учурунда бир аял жана анын эки баласы кокустан окко кабылып өлгөнү маалымдалат. Операция кезинде алты козголоңчу жок кылынып, дагы бир нечеси колго түшүрүлгөн. Кундуз провинциясындагы тинтүү маалында эки согушчан жок кылынып, бир нече козголоңчу камакка алынган.

XS
SM
MD
LG