Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:47

ЖККУнун бейформал саммитинде Кыргызстандагы кырдаал талкууланды


Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмуна мүчөлөлкөлөрдүн башчыларынын саммитинде Кыргызстандагы кырдаал негизги маселе болуп каралды. Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Сапар Исаковдун “Азаттыкка” билдиришинче, саммиттин катышуучулары Кыргызстандын президенти Роза Отунбаеванын июнь айындагы өлкөдө болгон кайгылуу окуялар жөнүндө баяндама сөзүн чоң кызыгуу менен угушту. Саммитте ЖККУнун алкагында Кыргызстандагы кырдаалды турукташтыруу жана коопсуздук чыңдоо үчүн эки тармактуу - атайы аскердик-техникалык жана гуманитардык жардам берүү чечими кабыл алынды.

Июнь айында түштүктө болгон тополоңдон кийин ЖККУ Кыргызстанга аскердик-техникалык жардам берүү чечимин кабыл алган. Жардамдын ичине тогуз тик учак, сооттолгон унааларды жана милиция кызматкерлерине керектүү жабдыктарды бермей болгон. Сапар Исаковдун айтымында, андан бери бул маселенин кечеңдетилип келиши – жардамды берүү жоболорун аныктоо ишине байланыштуу болуп келген. Учурда жардамдын бериле турган мөөнөтү такталып жатат. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG