Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:59

Ооганстанда жеке менчик коопсуздук мекемелери жабылат


Ооганстандын президенти Хамид Карзай коопсуздук боюнча бардык жеке менчик мекемелерди жыл аягына чейин жабууну буйруду. Бул ишти жүзөгө ашыруу Ички иштер министрлиги, коопсуздук боюнча улуттук башкармалыкка жана чалгындоо агенттигине жүктөлдү. Адамдарды күзөтүп, коопсуздугун камсыздоочу менчик мекемелер АКШ жана НАТО күчтөрү, Пентагон, БУУнун миссиясы, бейөкмөттүк уюмдар, элчиликтер жана Батыш маалымат агенттиктеринин кабарчылары тарабынан колдонулат.

XS
SM
MD
LG