Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:37

“WikiLeaks” сайтынын негиздөөчүсү аял зордуктады деп күнөөлөндү


Швециянын соту “WikiLeaks” интернет-сайтынын негиздөөчүсү Жулаин Эссанжды камакка алуу жөнүндө өкүм чыгарды. Эссанж аял зордуктады деп айыпталууда. Ал өзү айыптоону “куру жалаа” деп атап, буга өтө кооптонгону Интернетте маалымдалды. Эссанж АКШлык жоокерлердин Ооганстандагы жана Ирактагы аракеттери жөнүндө миңдеген аскерий маалыматтарды Интернет бетинде жарыялап жиберген жана Ооган согушу тууралуу дагы 15 миңден ашуун документти коомчулукка ашкере кыларын билдирген. Теги австралиялык Жулин Эссанж азыр кайда экени белгисиз. “WikiLeaks” сайтынын кээ бир бөлүмдөрү Швецияда жайгашкан.

XS
SM
MD
LG