Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:38

Австралиянын биринчи аял-премьер-министри дагы бир жеңиш алдында


Австралияда 21-августта өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыктары эсептелүүдө. Бюллетендердин 60 проценттен көбү саналгандан кийин башкаруучу Жумушчу партия атаандаштарынан алдыда экени маалым болду. Талдоочулардын болжошунча, премьер-министр Жулия Гиллард айым башындагы лейбаристтер 150 орундуу парламентте 73 мандатка ээ болот. Шайлоо эки ай мурда Австралиянын биринчи аял премьер-министри Жулия Гиллард ачык шайлоодо Жумушчу партиясынын төрагасы Кевин Рудду жеңип, Жумушчу партиясына лидерликти өткөрүп алгандан соң өтүүдө. Жулия Гиллард Австралиянын биринчи аял премьер-министри. Кевин Руд башындагы өкмөттү Батыш өлкөлөрү экономикалык кризиске каршы ишенимдүү күрөштү деп колдогону менен, сурамжылоолор Гиллард айым эл ичинде популярдуу экенин көрсөткөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG