Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:54

“Тогуз кайрык” телесынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды


Мураталы Күреңкеевдин 150, Атай Огонбаевдин 110 жылдыгына арналган комузчулардын “Тогуз кайрык” телесынагында Зайнидин Иманалиев менен Нурбек Серкебаев баш байгенин ээси болушту. Биринчи орунду Рысбек, Жунушов, Айнура Бердигулова, экинчи орунду Мээрим Карыпова, Залина Касымова, үчүнчү орунду Перизат Ибраева, Аскат Жетигеновдор алышты.

Долбоордун жетекчиси Айза Ибраимованын “Азаттыкка” билдиргениндей, комузчулук өнөрдү өнүктүрүүгө багытталган бул сынактын байге фондусу 500 миң сомду түзүп, сынакта комузда күүлөрдү чертүү боюнча алтымышка жакын комузчу ат салышкан. (KKs)

XS
SM
MD
LG