Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:22

Москва: мэрия митингге уруксат берип, концертти тыйды


Москванын Пушкин аянтында шаардын ныптасындагы Химкин токоюн кыйууга каршы чыккандар менен тилектештик акциясы өтүүдө. Акциянын уюштуруучуларынын таанымал музыканттар катышкан концерт өткөрүү жөнүндөгү өтүнүчүнө шаардык бийлик уруксат берген жок. Бирок митингге уруксат берди. Митингди уюштуруучулардын айтышынча, белгисиз бирөөлөр аянтка музкалык аспаптарды жүктөп келаткан машинеге кол салышкан. Жыйынды уюштуруучулардын бири Лев Понамаревдун маалымдашынча, жекшемби күнү таң эртең оппозиячыл “Тиектештик” кыймылынын мүчөсү Михаил Шнайдерди полиция кармап кеткен. Бул Понамаревдун айтышынча, концертти уюштуруучуларга эскертүү болушу мүмкүн. Ага карабай, ДДТ группасынын башчысы Юрий Шевчук аянтка чогулган эл алдында өтө белгилүү “Осень” деген ырын микрофонсуз ырдап берди.

Өкмөт Химкин токоюн кыйып, Москва-Петербуг автожолун курмакчы. Канжол акылуу болору маалымдалган.

XS
SM
MD
LG