Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:41

Австралиянын негизги партиялары көзкарандысыз депуттарды талашууда


Австралиянын негизги эки партиясы көзкарандысыз депутаттар менен парламенттик көпчүлүктү түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзө баштады. Ишемби күнкү шайлоодо премьер-министр Жулия Гиллард айым башындагы Жумушчулар партиясы жана Либералдык партия жетектеген коалиция тең чыгып, 71ден мандат алышкан. Австралия парламенти 150 депутаттан турат.

Өкмөт башчы Жулия Геллард парламенттин көзкарандысыз беш мүчөсү менен сүйлөшүү ниетин билдирер замат, либералдардын лидери Тонни Эббот да коалициялык өкмөт түзүү үчүн ошол эле депутаттар менен сүйлөшүүгө барарын жарыя кылды.

XS
SM
MD
LG