Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:42

Москвада митингчилер тоскоолдуктарга кабылып, кармоолор болду


Көп сандагы милициянын катышуусунда эки миңге чукул нааразылык жыйындын катышуучулары Пушкин аянтында чогулушту. Алар Москванын четиндеги Химки аймагындагы токойду жок кылуу менен салынып жаткан автожолго каршылык билдирип, коомчулукту көңүл бурууга үндөдү.

Милиция болсо аянтты курчай жайгашып, чогулгандар пландаган рок концертке келаткан музыкалык аспап көтөргөндөр менен аудио жабдыктарды өткөргөн жок. Таанымал укук коргоочу Лев Понамарев буга чейин жүздөй адам катышкан оппозициянын активисттери аралашкан Орусиянын желегин көтөргөн улуксааты жок жүрүштү уюштурганы үчүн кармалды. Ал митингде милиция жыйырмадай кишини анын ичинде оппозициячыл саясатчы Б.Немцовду кармаган. Чогулгандар мындан жыйырма жыл мурун кабыл алынган Орусиянын желегинин күнүн белгилеп, үч түстүү тилкеден турган өлкөнүн желегин көтөрүп шаар аралай жөө жүрүшкө чыгышкан.

XS
SM
MD
LG