Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:54

Бүгүн Кыргызстанда полиомиелитке каршы эмдөөнүн экинчи этабы башталат


Саламаттыкты сактоо министрлиги билдиргендей, Кыргызстанда беш жашка чейинки жаш балдарды полиомиелитке каршы эмдөөнүн экинчи этабы бүгүнтөн тартып башталды. Эмдөө төрт күнгө уланып, акысыз жүргүзүлөт. Анын алкагында ата-энелерге полиомиeлит оорусу тууралуу маалыматтар таратылып, медицина кызматкерлерине тренинг сабактары өткөрүлөт. Маалыматка ылайык, эмдөөнүн экинчи этабы үчүн 1 млн. 600 доза вакцина сатылып алынды. Ал эми анын биринчи этабында 5 жашка чейинки алты жүздөн ашуун бала камтылган.

Полиомиелитке каршы оозго тамчылатуу аркылуу жүргүзүлчү эмдөө Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюм тарабынан колдоого алынган коопсуз эмдөө болуп саналат. Полиомиелит – балдардын шал оорусу, же болбосо борбордук нерв системасын жабыркатчу инфекциялык оору. (КЕ)

XS
SM
MD
LG