Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:32

Июнь окуяларын эл аралык иликтөө сентябрда башталат


Бул тууралуу эл аралык комиссиянын башчысы Киммо Кильюнен Deutsche Welle радиосуна берген интервьюсунда белгилеген. Ал Кыргызстандын түштүгүндөгү окуяларды иликтөөгө даярдыктар аяктап калганын, комиссия өз ишин жүргүзүүгө кыргыз бийлигинен колдоо алгандыгын билдирген. Анын белгилешинче, Бишкекте жана Ошто эл аралык иликтөө комисиясынын кеңсеси ачылып, негизги иштер ошол жерде жүргүзүлөт. Иликтөө иши сентябрь, октябрь айлырында жүргүзүлүп, жыйынтыгы парламенттик шайлоодон кийин чыгарылмакчы.

“Комиссияга эл аралык уюмдардын өкүлдөрү кирет деп ойлобоймун. Анын курамына көз карандысыз эксперттер – эл аралык укук боюнча, адамдын укуктары боюнча адистер, зор масштабдагы кылмыштарды иликтөөдө тажрыйбасы бар адамдар кирет. Беш-алты адам комиссиянын жетекчи кеңешине кирет, андан тышкары 15-20 “талаа” эксперттери материалдарды чогултушуп, интервьюларды жана ушу сыяктууларды өткөрүшөт. Биз иликтөө бул өлкөнүн кызыкчылыктарына көз каранды болбосу үчүн комиссиянын курамына Кыргызстандын өкүлдөрүн киргизбөөнү чечтик”, - деди Киммо Кильюнен. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG