Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:04

Быйылкы ажылык сапар мамлекет тарабынан көзөмөлдөнөт


Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Болотбек Абдрахмановдун “Азаттыкка”билдиришинче, айрым күчтөр ажылык сапарды бизнеске айлантуу аракетин жасап келишкен. Ал акыркы мезгилдеги дин башкармалыгынын улам алмашып келүүсү да ошо күчтөрдүн аракетинин жыйынтыгы экендигин кошумчалады. Болотбек Абдрахманов быйыл ажылык сапарга барчулар учак менен гана жөнөй турганын жана анын баасы былтыркыдан арзаныраак болоорун белгиледи. Муфтий Чубак ажы Жалилов ажылык сапарды уюштуруу жагын мамлекет колго алганы менен, муфтият өзүнө тиешелүү милдеттерин аткара берерин билдирди.
Мекеге барууга Кыргызстан үчүн 4500 орун берилген. Алардын 45 пайызын аялдар түзөт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG