Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:07

Ош мэри шаарда жаңы окуу жылын 1-сентябрдан кечеңдетүүнү сунуштады


Ош шаардык мэриясынын бүгүнкү кеңейтилген жыйынында жаңы окуу жылына даярдык маселеси каралды. Анда тийиштүү мекемелердин жетекчилери жогорку окуу жайларында жана мектептерде коомдук тартипти камсыз кылуу маселеси күн тартибинде тургандыгын бир ооздон эскертишти. Чогулушта студенттердин жана окуучулардын коопсуздугун туруктуу кармоого беш жүздөн ашуун милиция кызматкери зарылдыгы айтылды.

Ош шаарынын мэри Мелисбек Мырзакматов бул жүрөк өйүткөн көйгөй экендигин айтып, тиешелүү жетекчилердин президент Отунбаевага, өкмөткө, ошондой эле ички иштер министри Байболовго токтоосуз кайрылуусун сунуштады. Калаа башчысы коопсуздук проблемасы чечилбесе, Бесландагыдай окуялар кайталанышы ыктымалдыгын кыйытып, ошондуктан, жаңы окуу жылын 1-сентябрда баштабай турууну сунуштады.

Бирок буга дейре агартуу министри Канат Садыков Ош жергесинде кырдаал турукташып бараткандыгын, жаңы окуу жылы өз маалында башталаарын маалымдаган эле. (ATo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG