Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:00

17 күндөн бери кенде камалган чилилик 33 кенчиден кабар келди


Чилиде 5-августта алтын-жез кенинде кыртыш кулап, камоода калган 33 жумушчу дале тирүү экенин өлкө президенти Себестьян Пиньера маалымдады.

- Бүгүн жалпы Чили элинын кубанычы койнуна батпай сүйүнүүдө деп айта алам. Мен эң алды терең жер астында эки жумадан көп убакыттан бери эр жүрөктүүлүк менен жашап жатышкан кенчилерге алкыш айткым келет. Алардын үй-бүлөлөрүнө да ырахмат.

Куткаруучулар 22-августта 700 метрдей тереңде калган кенчилерге кыртышты тешип, зонд жиберишкенде алардан баарыбыз тирүүбүз деген баракка чийлиген кат келген. Адистердин айтышынча, жумушчулар жер астында төрт айдан ашыкка чейин аман-эсен болот, бул жерди бургулап, аларды аман алып чыкканга толук жетчү убакыт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG