Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:12

Белорус Венесуэладан мунай ала баштайт


Белорус өкмөтү Россиянын мунайына болгон көз карандылыкты азайтуу үчүн кара майды Венесуэладан тартуунун амалын ойлоодо. Бул жөнүндө Белорус тышкы иштер министри Серей Мартынов Ригадагы сапары маалында билдирди. Венесуэла апта соңунда Белоруска 550 миң баррель мунай жибермекчи. Кара май кеме менен Латвиянын портуна келип, андан ары темир жол менен Белоруска келет. Белорус акыркы мезгилде Россия менен мунайды транзитөө боюнча келише албай жүрөт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG