Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:17

Түштүктө жабыркагандар психосоциалдык жардамга муктаж


Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, Бишкек, Ош, Жалал-Абадда иштеген психотерапевт жана психиатрлар атайы тренингден өтүшөт. Тренингдин ачылышында Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Кыргызстандагы кеңсесинин жетекчиси Өскөн Молдокулов түштүктөгү июнь айындагы окуялардан кийин 100 миңге чукул кишиге психосоциалдык жардам керектигин, мындай жардам ошол оор кырдаалда иштеген медициналык кызматкерлердин өздөрүнө да көрсөтүлүшү зарыл экендигин белгиледи.

Тренингдин алкагында бир апта бою кыргызстандык дарыгерлерге орусиялык адистер лекция окушат.Учурда жергиликтүү дарыгерлер жабыркагандарды катуу стресстен чыгаруу боюнча иш алпарып жатышат. Эми мындан аркы калыбына келтирүү иштеринде орус адистеринин ыкмаларын пайдалануу аракети көрүлөт.

Иш чара Саламаттыкты сактоо министрлиги менен Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европа регионалдык боюросу тарабынан тажрыйба алмашуу жаатында уюштурулуп жатат.(AzK)

XS
SM
MD
LG