Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:30

Ислам Каримов Роза Отунбаеваны биринчилерден болуп куттуктады


Өзбекстандын президенти Ислам Каримов бүгүн (23-августта) президент Роза Отунбаеваны туулган күнү менен куттуктады. Куттуктоо катында Ислам Каримов мырза коңшу Кыргызстандын өлкө башчысына ден соолук, ийгиликтерди каалап, кыргыз-өзбек мамилелери достукта, эки элдин кызыкчылыгында өнүгө тургандыгын белгилеген.

Кыргыз президентинин басма сөз кызматынын кабарына караганда, Роза Отунбаеваны туулган күнү менен куттуктаган телеграммалар ошондой эле Орусия Президенти Владимир Медведевден, Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевден, Армения президенти Серж Саргсяндан, ЖККУнун баш катчысы Николай Бордюжадан, ЕврАзЭстин башкы катчысы Таир Мансуровдон жана Бүткүл Орусиянын жана Москванын Патриархы Кириллден, жана башка бир катар мамлекеттик жана саясий ишмерлерден келди. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG