Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:27

Чилидеги 33 шахтер тең тирүү экени билинди


33 кенчинин аман экенин уккан туугандары сүйүнүчү койнуна батпай ыйлап да, ырдап да жатышты
33 кенчинин аман экенин уккан туугандары сүйүнүчү койнуна батпай ыйлап да, ырдап да жатышты

Чилиде 17 күндөн бери 700 метр тереңдиктеги алтын кенинде камалып калган 33 шахтер баары тирүү экени маалым болду. Жер астында балканын үнүн угуп калган куткаруучулар жерди тешип, бургу киргизип көрүштү. Аны чыгарганда, бургуга алакандай кат кыстарылган экен. Ошол катта: «Баарыбыз тирүүбүз» деп жазылганын Чилинин президенти Себастиан Пинера сыналгыдан сүйлөгөн сөзүндө кабарлады.

Эки апта мурда Чилинин «Сан Эстабан» кенинде 33 шахтер иштеп жатканда үстүндөгү аска кулап, аларды басып калган. Ошондон бери жекшембиге чейин алардан дайын жок эле. Эми алар тирүү экени жөнүндө кабар алынгандан кийин, жерди 700 метрге чейин тешиш керек болуп жатат. Буга кеминде төрт ай кетиши мүмкүн.

Президент Себастиан Пинера куткаруу иштерине канча убакыт кетсе да, адамдарды алып чыгыш керек деди. Президент телекамераларга шахтерлордун жазган кыскача катын көрсөттү.

«Бүгүн Чили толугу менен түрдүү сезимдерге батып, сүйүнүчтөн ыйлап атат. Эң негизгиси, шахтерлор эки аптадан бери жер астында калганына карабастан, алардын кубаттуулугуна, кайратына ыраазычылык билдиргим келет. Үй-бүлөлөрүнө дагы чоң ыракмат», - деди Пинера мырза.

Кабарды уккан 33 кенчинин туугандары сүйүнүчү койнуна батпай ыйлап да, ырдап да жатышты.

«Атам аман-эсен чыкса, мен аны канчалык жакшы көргөнүмдү миллион жолу кайталап айтам. Менин азыркы бактымды эч ким алып кое албайт», - деди шахтерлордун биринин 28 жаштагы кызы Роксана.

Жердин түбүнө киргизилген бургулоочу жабдууга камера бекитилген болчу. Ал камерага тартылып калган шахтерлордун жылмайган жүздөрү алардын баары аман экенин, саламаттыгы түзүк экенин көрсөттү.

Бийликтегилердин айтымында, шахтерлор азыр чоң эмес батирдин көлөмү менен барабар болгон жер астындагы атайын башкалка жайында камалып калышкан. Аларга эми ичке түтүк менен тамак-аш, дары-дармек, камера жана микрофон сыяктуу байланыш жабдуулары жеткирилет.

Президент Пинера бул окуя менен байланышкан коопсуздук эрежелерин, аны жөнгө салган жергиликтүү бийликтин ишин иликтөө боюнча аракеттер боло турганы жөнүндө убада берди.

Учурда бул бургулоо эрежелери менен байланышкан айрым расмий адамдар кызматынан алынды. «Сан Эстобан» кенинен алтын жана жез өндүрүлөт. Соңку жылдары бул жеке менчик шахтасында ушуга окшогон бир нече кырсык болду. Алардын айынан 16 шахтер набыт болгон.

XS
SM
MD
LG