Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:07

Үгүт иштери башталгыча партияларга өзүн жарнамалоого жол берилбейт


Бул тууралуу “Азаттыкка” Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Жеңиш Акматов билдирди. Анын айтымында, Шайлоо кодекси боюнча саясий партиялар бир дагы жарнамасын көрнөк-жарнак такталарына илбеши жана маалымат каражаттары аркылуу бербеши керек. Шайлоо мөөнөтү жарыяланган күнү шайлоого катышуу ниетин билдирген бардык партияларга жарнамаларын алып салуу боюнча эскертүү каттары жөнөтүлүп, алар өз жарнамаларын алып салышкан. Эгер андай партиялар аныктала турган болсо БШК аларды шайлоо өнөктүгүнөн алып салууга укуктуу. Ошондой эле маалымат каражаттары да кайсы бир партияны үгүт иштери башталганга чейин жарнамалай албайт. Бул тартипти бузган ММКларга акчалай айып салынып, шайлоо жараянына катышуу укугунан ажыратылмакчы. Шайлоо өнөктүгү боюнча үгүт иштерине 10-сентябрдан баштап гана жол берилип, добуш берүүгө 24 саат калганда үгүт иштери токтотулат. (IJz)

XS
SM
MD
LG