Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:53

Улутташтырылган объекттер боюнча 30 декрет кабыл алынды


Ушул тапта улутташтырылган 34 объект боюнча жалпы 30 декрет кабыл алынды. Бул тууралуу Экономикалык тескөө министрлигинин маалымат кызматы билдирет.

Мамлекеттик мүлк министри Шералы Абдылдаев буга чейин аталган объекттердин бардыгы 2005-2010-жылдар аралыгында, мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тушунда мыйзамсыз менчиктештирилип кеткенин айткан. Алардын арасына “Бишкек ликер” арак заводу, “Альфа-телеком” уюлтук компаниясы, “Чакан-ГЭС” ишканасы, “АзияУниверсалБанкы”, “Бавария-38 крузер” яхтасы, ЯК-40 учагы, “Каприз”, “Витязь” “Аврора грин”, “Солнышко” сыяктуу пансионаттар бар. Эми алардын он төртү сатууга коюлса, экөө муниципалдык менчикке берилмекчи. Улутташтырылган объекттердин он сегизи мамлекеттин карамагында калмакчы. (IJz)

XS
SM
MD
LG