Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:52

Санариптик көрсөтүү боюнча эл аралык жыйын өтөт


Бүгүн Ысык-Көлдө “Санариптик көрсөтүүнү ишке ашыруу” деп аталган эл аралык жыйын башталды. Бул тууралуу Байланыш боюнча мамлекеттик агенттиги билдирет. Жыйын 26-августка чейин созулуп, ага Азербайджан, Германия, Литва, Казахстан, Молдова, Орусия, Тажикистан, Украина, Кыргызстан, БУУга караштуу эл аралык электр байланыштары кеңеши, Германиянын «Роде и Шварц» аттуу байланыш тармагындагы ишканасы катышмакчы. Жыйындын негизги максаты, аталган өлкөлөргө санариптик көрсөтүүнү киргизүү маселесин талкуулоо жана тажрыйба алмашуу болмокчу. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG