Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:02

Филиппинде барымтагадагы автобуста 8 чет элдик турист өлтүрүлдү


Манила шаарындагы автобустун ичинде 12 саатка созулган барымтада отурган 8 чет элдик турист менен аларды туткундаган киши өлгөнү маалымдалды. Адамдарды барымтага алган мурдагы полиция кызматкери полиция автобусту курчоого алып, анын өзүн жок кылгычакты сегиз гонкоңдук жаранды атып таштаганга үлгүрдү. Чет элдик туристтерди ташыган автобустун ичиндеги 25 кишинин тогузу атышуу баштала электе тышка чыгууга үлгүргөн. Барымтага алган мурдагы полициячы эгер ал баштагы кызматына кайра кабыл алынса калган адамдарды бошотоорун айткан.

XS
SM
MD
LG