Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:36

Ооганстанда коопсуздук күчтөрүн курууга 1 жылдан көп убакыт керек


АКШ армиясынын генерал лейтенанты, НАТОнун аскерлерди даярдоочу жана биргелешкен коопсуздук башкаруунун командири Уиллям Колдвелл 2011-жылдын октярбына чейин ооган армиясы менен полициясы жалпы коопсуздукту камсыз кылууга жетиштүү деңгээлде даяр болбой калаарын айтты. «Кийинки жылдын октябрь айына чейин биз жалпы армияны курап үлгүрбүз. Бул оогандык күчтөрдү эл аралык коалициянын кичинекей чөнтөк армиясы дегенди түшүндүрбөйт. Бул деген кийинки жылдын октябрына чейин оогандык күчтөр өзүн тыңдап алат дегенди билдирет

Президент Обама америкалык аскерлер Ооганстандан 2011-жылдын июлунан баштар чыгарыла тургандыгын, бирок канча жана кайсы жердеги күчтөр чыгарыла тургандыгын Ооганстандагы коопсуздук абалы аныктаарын айткан.
Кечээ согушчан козголоңчулардын кол салуусунан эки америкалык, эки француз жана венгриялык аскерлер набыт болгону кабарланды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG