Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:58

Малиде барымтадагы испаниялык 2 жаран бошотулду


Испаниялык эки гуманитардык көмөк көрсөткөн адис Түндүк Америкада Ал Каида тобунун мүчөлөрү тарабынан 9 ай барымтада кармалгандан кийин бошотулду. Айрым маалыматтарда Испания өкмөтү эки жаранын бошотуу үчүн террорчуларга миллондогон доолар төлөгөндүгү айтылууда, расмий тараптар болсо муну четке кагууда. 35 жаштагы Алберт Вилалта менен 50 жаштагы Роки Паскуал Малиде бошотулгандан кийин Барселонага учуп келишти. Гуманитардык багытта иштеген Каталан көмөк тобунун кызматкерлери өткөн ноябрда Мавританияда барымтага алынып, Малиге өткөрүлүп кеткен.

XS
SM
MD
LG