Линктер

шейшемби, 24-январь, 2017 Бишкек убактысы 01:29

Кыргызстандын тышкы иштер министри Кытайга барат


Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 3 күндүк иш сапар учурунда Кытайдын жогорку саясий жетекчилиги менен жолугушат. Кытайдын тышкы иштер министри Ян Цзечи менен болчу жолугушууда эки тараптуу кызматташуу, коопсуздук, ШКУ жана БУУнун алкагында эл аралык кызматташуу маселелерин талкуулашат. Мындан тышкары Кытайдын коммерция министрлиги менен ири тармактык долбоорлорду жана гранттык каражаттарды ишке ашырууга байланышкан маселелерди сүйлөшөт. Министрдин иш сапары эртең башталат. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG